Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 1
Мектепке генератор сатып алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Алгабас айылында жайгашкан И.Сулайманов атындагы орто мектебине 47 кмден, жаздоодон Алгабас айылынан жалпы 180 окуучу окуп, кыш мезгилинде мектепке электр жарыгы көп өчүп, жылытуу маселеси көйгөйдү жараткандыктан, айылдын айыл башчысы М. Эргешовдун мектепке генератор сатып алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Алгабас айылында жайгашкан И.Сулайманов атындагы орто мектебине жергиликтүү бюджеттен бир генератор сатып алууга макулдук берилсин.
2. Генератор сатып алуу үчүн иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын бюджет,экономика,инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |