Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 2
Айыл аймагындагы калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздаган ишканаларды муниципалдык башкарууга өткөрүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн адиси Манасов Сүйөрдүн Кашкар - Кыштак айыл аймагындагы калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздаган ишканаларды бириктирүү жөнүндөгү айылдардын элдик жыйындарынын протоколдорунун негизиндеги сунушун айылдык кеңештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Суу кодексине”, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндөгү” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киригизүү жөнүндөгү 2021-жылдын 10-декабырндагы №151 мыйзамына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы СПАлар жана ИСКАКБларды бириктирип, муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2.Жаны ачылган муниципалдык ишкананын Жобосун иштеп чыгуу, мамлекеттик катоодон өткөрүү жана башка уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жөнүндө, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |