Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 3
Айыл аймагында IP-камераларды орнотуу жөнүндө
А.К. Султанов атындагы Кара-Суу РИИБсүнүн 2022-жылдын 22-ноябрындагы сунуш катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5майындагы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү” №60-мыйзамынын 10-беренесине, 2015-жылдын 18-майындагы “Сырткы видео жана байкоо камералары жөнүндөгү” №103-мыйзамынын 8-беренесинин 3-бапына ылайык айыл аймагынында сырткы видеоо байкоо камераларын жабдуулары менен орнотуу максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун, кылмыштуулуктун, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жайларда, базарларда жана бардык кооптуу болгон жайларда IP-камераларын орнотууга жана КР ИИМнин тутумуна улоого макулдук берилсин.
2.Аймакта камераларды орнотууга кеткен чыгымдардын сметасын эсептеп чыгуу жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |