Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 4
Айыл өкмөтүнүн № 259 контурунда жайгашкан жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А. Динбаевдин Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы “Кашкар-Коттон” пахта заводунун күн чыгыш тарабындагы №259 – контурда жайгашкан 0,34 га жер аянтын айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер аянтын өнөр жай багытына өзгөртүү боюнча трансформациялоо боюнча сунуш катын айылдык кеңештин депутаттары кеңири угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы “Кашкар-Коттон” пахта тазалоочу заводунун күн чыгыш тарабындагы №259 контурда жайгашкан 0.34 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер аянтын өнөр жай багытына өзгөртүү боюнча трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |