Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 5
Айыл өкмөтүнүн №334 контурундагы жайгашкан жер тилкесине транс формациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Динбаевдин Кашкар-Кыштак айылында №334 контурундагы жайгашкан 0.20 га жер тилкесин курулуштардын ордунун жанында огород деп белгиленген жер тилкесин максаттык багытын өнөр жай багытына өзгөртүү боюнча трансформациялоого берген сунушун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылындагы №334- контурундагы жайгашкан 0.20 га жер тилкесин курулуштардын ордунун жанында огород деп белгиленген жер тилкесинин максаттык багытына өзгөртүп өнөр жай багытына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жөнүндө, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |