Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 6
Муниципиалдык менчикте турган №259 контурундагы 1.10 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Динбаевдин айыл өкмөтүнүн Кашкар- Кыштак айылындагы №259 контурунда жайгашкан муниципиалдык менчикте турган 1.10 га чөпкананын айыл чарба багытынан өнөр жай багытына өзгөртүүго трансформациялоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кашкар-Кыштак айылындагы №259 контурунда жайгашкан муниципиалдык менчикте турган айыл чарба багытындагы 1.10 га чөп кананын максаттык багытын өнөр жай багытына өзгөртүүгө трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жөнүндө, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |