Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 7
Кайрагач айылындагы №761 контурунда жайгашкан 2.0 га жерди трансформациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Динбаевдин айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылындагы №761 контурунда жайгашкан 2.0 га айыл чарба багытындагы жайыт жерди жергиликтүү тургундарга маркумдарды коюлуучу мүрзө кылып пайдалануу үчүн сунушун айылдык кенештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылындагы №761 контурунда жайгашкан 2.0 га айыл чарба багытындагы жайыт жерди жергиликтүү тургундарга маркумдарды коюлуучу мүрзө кылып пайдалануу үчүн транформациялоого макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жөнүндө, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |