Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар- Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVII -сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 8
Айыл аймагындагы №753, № 482, 479, 477, 447, № 1002, № 1009, № 1215- контурларында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Динбаевдин Жарооз айылындагы №482, №479, № 477, № 447 контурларында жайгашкан мурунку МТФнын үстүндөгү латоктун төмөн жагындагы 3.0 ( үч ) га айыл чарба багытындагы жайыт жерди калктуу конушка өткөрүү боюнча, Кайрагач айылындагы № 753- контурда жайгашкан 1.0 (бир) га айыл чарба багытындагы жайыт жерди калктуу конушка өткөрү боюнча, Бекжар айылындагы №1002, №1009, №1215- контурунда жайгашкан мурунку чөпкана, тегерек талдын ичиндеги 5.9 га (беш гектар токсон сотых ) жер аянтын калктуу конушка өткөрүүнү трансформациялоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып азыркы учурда элдерди айрыкча жаш үй-бүлөлөрдү турак жай салуу үчүн жер тилкелерине алууга муктаждыктардын саны көбөйгөндүктөрүн эске алуу менен айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кайрагач айылындагы № 753 контурда жайгашкан 1.0 (бир) гектар айыл чарба багытындагы жайыт жерди калктуу конушка өткөрүү боюнча (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Жарооз айылындагы №482, № 479, № 477, № 447 контурларында жайгашкан 3.0 (үч ) гектар айыл чарба багытындагы жайыт жерди калктуу конушка өткөрүү боюнча (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.Бекжар айылындагы № 1002, № 1009, № 1215- контурларында жайгашкан мурунку чөпкана, тегерек талдын ичиндеги 5.9 (беш гектар токсон сотых) жер аянтын калктуу конушка өткөрүү боюнча (трансформациялоого ) макулдук берилсин.
4.Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жөнүндө, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |