Загрузка документа…
САЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдикум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 02-февралы № 1
Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр, Чек, Хажир-Абад, Сейдикум, Дөш айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
IX-сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн кээ бир айылдарынын аттарынын өзгөртүп берген айылдын тургундарынын айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча кайрылуусуна негиз жана заман талабына ылайык келбегендигине байланыштуу, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсүн жана айылдардан келген протоколдорду угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсүнө жана Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылынын тургундарынын,
2022-жылдын 26-январындагы протоколнуна негиз Чек айылын “Ынтымак” айылы деп;
2022-жылы 26-январындагы протоколуна негиз Дүкүр айылы “Достук” айылы деп;
2022-жылы 27-январындагы протоколуна негиз Хажир-Абад айылы “Сайдыкум” айылы деп;
2022-жылы 25-январындагы протоколуна негиз Дөш айылы “Тынчтык” айылы деп;
2022-жылы 25-январындагы протоколуна негиз Сейдикум айылы “Каган Барсбек баатыр” айылы деп өзгөртүү жөнүндөгү сунушу кабыл алынсын.
2.Жогоруда аты аталган айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана жогорку органдарга жөнөтүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Айылдардын аталышын өзгөртүүгө керектелүүчү акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин.
5.Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык Кеңешинин Төрагасы: |
Э. Досов |