Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 8
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБдин отчету
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин жана Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүканованын 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевдин 2022-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүканованын 2022-жыл ичиндеги бюджеттин киреше, чыгаша боюнча жыл ичинде жүргүзгөн иштери жалпысынан канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 56951,0 миң сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 59279,7 миң сом болуп, 62877,4 миң сомго, же болбосо 106,1 пайызга, башкача айтканда 3597,7 миң сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 56951,0 миң сомго бекитилип, такталган план боюнча 91842,4 миң сом, кассалык чыгым 58647,9 миң сом болуп, 63,9 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
5. 01.01.2023-жылга карата калдыктар жалпы 36792,9 миң сом акча каражаты каралгандыгы белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү боюнча бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык иш алып баруу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
7. Айыл өкмөтү тарабынан бюджеттик каражаттарды чыгымдоо бекитилген бюджетке жана түзүлгөн сметаларга ылайык жүргүзүлсүн жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга жол берилбесин.
8. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси Т.Акматовага милдеттендирилсин.
9. Каргалык айыл аймагына тышкы инвестиция тартуу жагы айыл өкмөт башчысы Э.А.Артыкбаевге жүктөлсүн.
10. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканалардын иштерине жетекчилик кылуу жана 01.04.2023-жылга карата жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айыл чарба техникаларын даярдап катарга тизүү иштерин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
11. Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чегин кайрадан 1994-жылкы картада көрсөтүлгөн чек ара боюнча калтыруу жөнүндөгү маселе көтөрүлүп келип, бул боюнча 30.12.2021-жылдагы кезектеги IV сессиясынын № 43 токтому менен, андан кийин да токтом, протоколдук тапшырмалар менен айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай боюнча башкы адиси У.Матиевге милдеттендирилип, бирок бүгүнкү күнгө чейин сотко документтер даярдалып жатат деген жооптор менен чектелип келгендиги белгиленсин жана бул боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, 2023-жылдын 31-мартына чейин жооп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
12. Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) 04.03.2022-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 3-токтомунун 12, 15-п, №8- токтомунун 3-пунктун, 29.03.2022-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №16-токтомунун 4-8-пункту, №19-токтомунун 3-пункту, 31.05.2022-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №25-токтомунун 7-пунктунун аткарылышы боюнча маалымат берүү жөнүндө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары тарабынан бир нече жолу кат жолдонгондугуна карабастан жооп алынбай жаткандыгы белгиленсин.
13. 2022-жылдын 4-мартындагы VII сессиясында Каргалык айыл өкмөтүнүн, жаштар кеңешинин, карыялар кеңешинин, аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун Уставдарын тез аранын ичинде ирээтке келтирүү жөнүндө берилген протоколдук тапшырманын аткарылышына жана эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек ара маселесин чечүүдө кайдыгер мамиле жасап аткарбай келгендигин жана 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жогорудагы иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарбаган шартта Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи А.Абдыманбетовго 2021-жылдын 27-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №125 Мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктундагы 5-бөлүмчөсүнүн д) пунктчасын негиз кылып чара көрүү, жана ушул ишке тиешелүү башка адистерге да чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
14. Каргалык айыл өкмөтү тарабынан Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге 2022-жылдын 12 ай ичинде өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасай албагандыгынын натыйжасында 24.03.2022-жылы №61, 18.04.2022-жылы №108, 12.12.2022-жылы № 294- буйруктар чыгарылып, 1 эскертүү, 2 сөгүш жазасы берилгендигин жана айылдык кеңештин токтомдору менен милдеттендирилген иштерди аткарууда салкын мамиле кылгандыгын эске алуу менен, 2021-жылдын 27-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №125 Мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктундагы 5-бөлүмчөсүнүн д) пунктчасын, ушул эле берененин 2-пунктун негиз кылып, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге мыйзамга ылайык чара колдонуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге тапшырылсын.
15. Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын иши жалпысынан жүргүзүлүп келгендиги белгиленсин жана 2022-жылда Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын финансалык ишин начар көзөмөлдөгөндүгү үчүн Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага “эскертүү” берилсин.
16. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
18. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго жана “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.М.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов. |