Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII–чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 22-4
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 13-мартындагы корутундусуна негиз, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө курула турган “Жер семирткичтер” заводун куруу үчүн Беш-Салаа участкасынын айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен, 45,37 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 13-мартындагы корутундусуна негиз, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө курула турган “Жер семирткичтер” заводун куруу үчүн Беш-Салаа участкасынын айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен, 45,37 га жер аянтын которууга “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып чыгышып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-32-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө курула турган “Жер семирткичтер” заводун куруу үчүн Беш-Салаа участкасынын айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен, 45,37 га (№159 контурунан кайрак айдоодон 41,01 га, №584 контурунан кайрак айдоодон 3,71 га жана №163 контурунан кысыр аңыздан 0,65 га) жер аянтын которууга “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө курула турган “Жер семирткичтер” заводун куруу үчүн Беш-Салаа участкасынын айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен, 45,37 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Ажибаев |