Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясынын
2023-жылдын 17-февралы № 9
Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2023-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин, келишимин бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевдин 2022-жылдын 12 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевдин 2022-жыл ичинде жүргүзүп келген иши кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2023-жылга карата бир жылдык планы жана бюджети 750,0 миң сом болуп, ЖПБ/ЖКнын ички жайыт эрежелери, жайыт билети, келишимдери жана жайыт пайдалануу акысы (тарифи) бекитилсин.
3.2023-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү малга - 65 сом;
- кой, эчкилерге - 13 сом;
- жылкыга - 65 сом
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон келип, келишим боюнча мал багуучуларга;
- ири мүйүздүү малга - 250 сом,
- кой-эчкилерге - 50 сом,
- жылкыга - 250 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Башка райондон келип, келишими жок, жайыт билетин албастан, өзүм билемдик менен келип отуруп алып жайыт пайдалангандарды көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Апиевге, Казарман айылынын айыл башчысы У.Чыбылдиевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын орун басары М.Турдубековго милдеттендирилсин.
6. Каргалык айыл аймагындагы бадачылардын баккан малына төмөндөгүдөй тартипте;
- ири мүйүздүү мал багуучуларга туягына - 400 сом,
- кой-эчки багуучуларга туягына - 80 сомдон акы бекитилсин жана мындан жогору баа коюп алган шартта, бадачыны аксакалдар сотуна тапшыруу жагы “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
7. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге 2023-жылга карата бекитилип берилген иш планына ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
8. 2023-жылдын 1-апрелинен баштап, Каргалык айыл аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын малга тебелетпөө, коруу иштери активдүү жүргүзүлсүн.
10. Ортоңку жайыттарга көчүрүү иштери 10-апрелден 20-апрелге чейин, алыскы жайыттарга көчүрүү иштери 1-майдан 1-июнга чейин жүргүзүлүп, күзгү жайыт мезгили 15-ноябрда аякталсын.
11. Бодо мал алып, кой-эчки алып баккан бадачылар, үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык ую бар чоң фермерлер Кашка-Суу, Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине барып жайлашсын.
12. Ал эми Туура -Тал, Макмал, Оргазкан, Көк- Торпок,Чаар - Таш, Жылуу- Өтөк, Жабыке, Сасык- Үңкүр, Кыргый- Үңкүр жана Таш- Башат жайыттары эс алдырууга алынсын.
13. Жайыт жерлеринен шагыл, топурак, туз казып алууга мыйзамдын талабына ылайык жер бөлүп берүү “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
14. Каргалык айыл аймагынын жайыт жерлериндеги “сасыкматал”, “эндик” жана башка дары чөптөрдү уруксаты жок казып алып жаткандарга райондук эколог менен биргеликте иш алып баруу жагы “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
15. “Токой чарбасы” жана “Саймалуу - Таш” МЖПкы менен чектеш аймактарга чыккан мал багуучулардан жайыт акысын алууда “Токой чарбасы” жана “Саймалуу - Таш” МЖПкы менен 50 пайыздык өлчөмдө түзүлгөн келишимдин негизинде алуу жагы “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
16. Менчиктин түрүнө карабастан табигый эгилме, жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык, тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда конууга, мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип өтсө, жазында көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти, ички тартип эрежелерин бузса, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимдин негизинде чаралар көрүлөөрү жана айыптар салынаары эскертилсин.
17. Ортонку жайыттын жеринен тоют топтоо үчүн ашыкча чөп чаап алууга тыюу салынсын жана көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, жер адиси У.Матиевге, Казарман айылынын айыл башчысы У.Чыбылдиевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
18.Жайыттын инфраструктурасын оңдоо максатында жайыт планынан айыл өкмөтүнө кармалуучу үчтөн бир бөлүгү жайыт комитетинин өзүнө калтырылсын.
19.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Апиевге, Казарман айылынын айыл башчысы У.Чыбылдиевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, участкалык инспектор М.Орозманбетовго жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын орун басары М.Турдубековго милдеттендирилсин.
20. Жайыт комитетинин карамагындагы техникаларга төмөндөгүдөй өлчөмдө кызмат акы бекитилсин;
-. “ГАЗ-53” автомашинасына - 1000 сом, гсмден сырткары,
- “Погрузщик” тракторуна - 1000 сом, 15 л соляркасы менен.
21. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-
сайтына жарыялансын.
22. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |