Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 10
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2023-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иши тууралуу отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун 2022-жыл ичинде жүргүзүп келген иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. “МТС” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы, сметасы жана техникалардын кызмат көрсөтүү акысы (тарифи) бекитилсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго 2023-жылга карата бекитилип берилген иш-планга ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Жазгы айдап - себүүгө карата айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдоо боюнча иш-аракеттерди көрүү жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Касымбековго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов. |