Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 11
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2023-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевдин 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевдин 2022-жыл ичинде жүргүзүп келген иши кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бир жылдык иш планы жана бюджети 3374,4 миң сом болуп бекитилсин.
3. “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
а) таштанды чыгаруу үчүн;
- Тогуз-Торо районунун аймагында иш аракет жүргүзгөн бардык юридикалык жактар тарабынан “Тагай” таштанды полигонуна төгүлгөн 1м3 таштандылар үчүн - 440 сом өлчөмүндө,
- “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан чыгарылган таштандыдан айына бир түтүнгө - 100 сом, юридикалык жактар үчүн - 300 сом өлчөмүндө.
б) таза суу үчүн;
- “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынан таза суу киргизүүгө техникалык шарт алуу үчүн - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө,
- Таза суу үчүн төлөм жан башына айына короонун ичинен - 38 сом 50 тыйын, көчөдөн алып ичкендер үчүн - 19 сом 25 тыйын.
в) техникалар менен кызмат көрсөтүү үчүн;
- Газ-53 жана “МТС” 82.1 трактору менен бир рейс таштанды жана кык чыгаруу - 1500 сом,
- Ассенизатор техникасы менен кызмат көрсөтүүгө бир рейси - 3000 сом,
- Эксковатор техникасына кызмат көрсөтүүгө саатына;
- юридикалык жактар үчүн - 3000 сом, 15 л соляркасы менен,
- физикалык жактар үчүн - 2000 сом, 15 л соляркасы менен,
- мындан сырткары беш айыл өкмөттүн өздөрү үчүн юридикалык жакка коюлган акыдан 30 пайызын кемитүү менен иш алып баруу жагы бекитилсин.
4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге 2023-жылга карата бекитилип берилген иш-планга ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жана «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов. |