Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХIV сессиясы
2023-жылдын 20-январы № 4
Каргалык айыл өкмөтүнүн 01.01.2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган 35367,3 миң сом калдыгын жана атайын каражаттан калган 1424,9 миң сом калдыгын 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө карап жана бекитип берүү жөнүндө
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги ХIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Башкаруу тармагынан 2111 эмгек акы беренесине 11,0 миң сом, 2121 социалдык төлөмдөргө 1,9 миң сом, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 427,8 миң сом, 2222 чарбалык максаттагы чыгым беренесине 160,1 миң сом, 3111 курулуш беренесине 34667,3 миң сом, жалпы 35268,1 миң сом.
2. Маданият тармагынан 2111 эмгек акы беренесине 0,6 миң сом, 2121 социалдык төлөмдөргө 0,2 миң сом, жалпы 0,8 миң сом.
3. Мектептер тармагынан 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине 98,4 миң сом, жалпы 98,4 миң сом.
4. 01.01.2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган калдык - жалпы 35367,3 миң сом акча каражаты бекитилсин.
5. Атайын каражаттын бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине 1424,9 миң сом, жалпы атайын каражаттан 1424,9 миң сом акча каражаты бекитилсин.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |