КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХIII сессиясы
2023-жылдын 29-декабры № 71
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-декабрындагы № 01-7/1293 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (дем берүүчү (үлүштүк) грантка Алымбабаевдин күн батыш тарабы, Чодиев жана Алымбабаевдин күн чыгыш тарабы, Кадыркулов, Акимбаев, Бердалиев көчөлөрүнө кара шагыл төшөө долбоору)
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-декабрындагы № 01-7/1293 чыгыш сандуу каты боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги ХIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Каргалык айыл өкмөтүнүн 28.12.2022-жылдагы №01-7/1293 чыгыш сандуу катынын негизинде “Дем берүүчү (үлүштүк)” гранттардын эсебинен Каргалык айыл аймагынын Казарман айылындагы Чодиев көчөсүнө, Алымбабаев көчөсүнүн күн батыш тарабына кара шагыл төшөө долбооруна жалпы сметалык наркы 5 371100 (беш миллион үч жүз жетимиш бир миң бир жүз ) миң сомдук долбоорду каржылоого өздүк салымына - 2 371100 (эки миллион үч жүз жетимиш бир миң бир жүз) миң сом жана Акимбаев көчөсүнө, Алымбабаев көчөсүнүн күн чыгыш тарабына, Кадыркулов көчөсүнө, Бердалиев көчөсүнө кара шагыл төшөө долбоору, жалпы сметалык наркы 6 669945 (алты миллион алты жүз алтымыш тогуз миң тогуз жүз кырк беш) миң сомдук долбоордун өздүк салымына - 3 669945 (үч миллион алты жүз алтымыш тогуз миң тогуз жүз кырк беш) миң сомду, жалпы - 6 041045 (алты миллион кырк бир миң кырк беш) миң сомду 2023-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жагы сунушталсын.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И. Токтоболотов |