Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК Кеңешинин токтому
2021-жылдын 22-январы № 316
Саламаттык сактоо объектилерин жайгаштыруу үчүн жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Жаран Акматова Канышбүбү Абдрасуловнанын 13.01.21-ж. №13 жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча арызын карап чыгып, жеке менчигинде жайгашкан жалпы аянты 1,16 га: анын ичинен 0,87 га кайрак жана 0,29 га чабынды жерин «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай жерлери, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына саламаттык сактоо объектилерин жайгаштыруу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле эс алуу зонасын жана спорт аянтчаларын түзүү үчүн, берилген материалдарды карап чыкты. Сунушталган материалдардын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келүүсүн карап чыгып.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 22.01.21-ж. сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айылдык кеңешинин чегинде жайгашкан Акматова Канышбүбү Абдрасуловнага, жеке менчигинде жайгашкан жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жайгаштыруу, эс алуу аймагын жана спорт аянтчаларын түзүү үчүн жалпы аянты №206 контурдагы 1,16 га: анын ичинен 0,87 кайрак жер жана №201 контурдагы 0,29 га чабынды жерди которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Таш-Дөбө айылдык кеңешинин кабыл алган токтомун бекитип берүү жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн суралсын.
Айылдык кеңештин Төрагасы |
| Ырыс уулу Медербек |