Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК Кеңешинин токтому
2021-жылдын 22-январы № 317
Саламаттык сактоо объектилерин жайгаштыруу үчүн жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Жаран Каракеев Эмир Замирбековичтин 13.01.21-ж. №12 жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча арызын карап чыгып, жеке менчигинде жайгашкан, жалпы аянты 2,0 га: анын ичинен 1,60 га кайрак жана 0,40 га чабынды жерин «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай жерлери, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына саламаттык сактоо объекттерин жайгаштыруу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле эс алуу зонасын жана спорт аянтчаларын түзүү үчүн, берилген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 22.01.21сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айылдык кеңешинин чегинде жайгашкан Каракеев Эмир Замирбековичке, жеке менчигиндеги №206 контур боюнча 1,60 га жана №201 контур боюнча 0,40 га чабынды жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жайгаштыруу, эс алуу аймагын жана спорт аянтчаларын түзүү үчүн жерди өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Таш-Дөбө айылдык кеңешинин кабыл алынган токтомун бекитип берүү жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн суралсын.
Айылдык кеңештин Төрагасы |
| Н.Сыдыгалиев |