Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясы
2023-жылдын 15-майы № 37
“Таза кызмат” муниципалдык ишканасында акыркы убактарда жүргүзүлүп
жаткан иштер тууралуу маалымат угуу
“Таза кызмат” муниципалдык ишканасында акыркы убактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ишкананын жаңы жетекчиси Сапарбеков Темирлан Бакытбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги ХVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси Сапарбеков Темирлан Бакытбековичтин “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын буга чейинки абалы жана мындан кийинки жасала турган иштери тууралуу маалымат угулгандыгы белгиленсин.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы бир айлык мөөнөттүн ичинде келишимдерди түзүү, таштандыларды чыгаруу, штаттарды ордуна коюу, акча кирешесин түшүрүү, бюджетин тактоо, канча каржылайт отчету менен толук алып чыгуу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси Сапарбеков Темирлан Бакытбековичке жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жарбашов Алтынбек Турдубековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |