Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVII сессиясынын
2023-жылдын 24-апрели № 23
“Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Булак айылына кетүүчү
Долоно участкасы аркылуу өтүүчү 9 км автоунаа жолду Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Мукашовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Казарман- Ак-Мойнок автоунаа жолунун Долоно участкасы аркылуу Чет-Булак айылына кетүүчү 9 (км) чакырым автоунаа жолу 1986-жылы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун балансасына өтүп, бүгүнкү күндө жолду тейлеп, эксплуатациялоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, Долоно участкасындагы түндүк-түштүк альтернативдик жолунан баштап, Чет-Булак айылына чейин кетүүчү автоунаа жолунун 9 (км) чакырымы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |