Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 41
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетинин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча ФЭБдин жана айыл өкмөт башчысынын отчету
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу жарым жылдык отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча айыл өкмөт башчысынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүканованын 2022-жылдын алты ай ичиндеги бюджеттин киреше-чыгашасы боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы такталган план 27675,2 миң сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми иш жүзүндө жалпы 27882,4 миң сом киреше өндүрүлүп, 100,7 пайызга аткарылган же бюджетке 207,2 миң сом көп киреше түшкөндүгү жана чыгаша бөлүгүнүн жалпы планы 55286,8 миң сом болсо, кассалык чыгымы 20233,7 миң сом, аткарылганы 36,6 пайыз болуп, ошол эле мезгилде 35053,1 миң сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Киреше салыгынын айрым түрлөрүнөн пландан чыкпай калгандыгы көрсөтүлсүн жана жылдын аягына чейин киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн тактап пландан чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы салык инспектору Т.Акматовага жана айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
5. Казарман айылындагы Бердалиев көчөсү аркылуу Жээналиев көчөсүнө ички арыктарга суу чыгаруу үчүн Казарман фонддон 600,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, райондук УОС мекемесине берилгендиги жана айыл өкмөтү тарабынан жери чечилип берилбегендигинин жана көзөмөл жүргүзүп, талап кылынбагандыгынын кесепетинен 2021-жылдын сентябрь айынан бери аткарылбай келе жаткандыгы белгиленсин.
6. Каргалык айылдык кеңешинин 04.03.2022-жылы болуп өткөн VII сессиясынын №3 токтомунун 9-пунктунда уюлдук станциялар боюнча тактап, 30.06.2022-жылга чейин жыйынтыктап берүү жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилгендигине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келгендиги белгиленсин жана токтомдо көрсөтүлгөн адистерге 2022-жылдын 15-сентябрына чейин катуу чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7. Ушул эле №3 токтомдун 14-пунктунда, башкача айтканда, эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуев жана жер боюнча башкы адис У.Матиев жана башка тиешелүү адистерге дагы да болсо иш жүргүзбөй келе жаткандыктарына байланыштуу чара колдонуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8. Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында сессияда кабыл алынган токтомдордун айрым пункттары аткарылбагандыгы үчүн 2022-жылдын 30-сентябрына чейин тиешелүү адистерге чара көрүлсүн жана кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |