Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 42
2023-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын негизинде түзүү
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2023-жылга карата Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоору социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын негизинде түзүлгөндүгү жактырылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023 - жылдын бюджетине кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан ишканалардан; Билайн, Ошка, Мегаком мобилдик станцияларынан, туз, кызыл кум, шагыл, топурак алынуучу карьерлерден жана башкалардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүнөн бюджетке кошумча акча каражатын түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге, ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага, салык башчысы Т.Акматовага, жер адиси У.Матиевге, юрист А.Абдыманбетовго жана экономист-статист Р.Түмөнбаеваларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Өзүкановага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |