Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 43
“МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Касымбеков Алтынбектин 2022-жылдын алты айында жүргүзгөн иши боюнча маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдап, элге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди алып баруу жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жана «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |