Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 45
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Мамбеталиева Раданын Рысалиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жаштарга билим-тарбия берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасынын”, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасынын”, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын “Ардак белги” төш белгисинин ээси, маданияттын мыкты кызматкери, учурда Тогуз-Торо районундагы балдар искусство мектебинде педагог-хормейстер, фортопиано адистиги боюнча окутуучу болуп иштеп жаткан Исаев Эсенжан Маметканович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик
администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге
жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |