Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 46
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6-июлундагы № 01-22/673 сандуу чыгыш катын кароо ( 30 пайыздык өздүк салым )
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан “Ченг Гонг - 950 К” маркасындагы погрузчик техникасы алынуучу 4 824480 миң сомдук долбооруна Каргалык айыл өкмөтүнөн 30 пайыздык өздүк салымын 1 447344 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |