Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 47
Каргалык айыл өкмөтүнө келип түшкөн 24.08.2022-жылдагы чыгыш №01-15/2605 сандуу катын кароо
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасын (ЖКХ) Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаровдун 10.08.2022-жылдагы чыгыш №18/35468 сандуу катын жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 24.08.2022-жылдагы чыгыш №01-15/2605 сандуу каттарын Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата күтүлүүчү болжолдуу бюджеттин долбоору 59 364,5 миң сом болуп, корголгон берене 33 898,7 миң сомду түзөт. Ал эми Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 24.08.2022-жылдагы чыгыш №01-15/2605 сандуу катында тиркелген тиркемеде “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалынын балансасында турган Казарман айылындагы көп кабаттуу коммуналдык турак-жай чарбасы боюнча райондук комиссиясынын экономикалык божомол анализинде көрсөтүлгөн “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасынын жалпы жылдык чыгымы (ЖКХ) 33 800,0 миң сомду түзөт. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн корголгон беренеси 33 898,7 миң сом, буга кошумча “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасынын жалпы жылдык чыгымы (ЖКХ) 33,800 миң сом болуп, жалпы - 67698,7 миң сомду түзүп жатат. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн корголуучу беренеден сырткары жана башка чарбалык керектелүүчү күтүү чыгымдарынын 25 465,0 миң сомун “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасынын жалпы жылдык чыгымына (ЖКХ) керектөөгө туура келип, айыл өкмөтүнүн ар кандай чарбалык күтүү чыгымдарына акча каражаты жетпей калаары күтүлүүдө. “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасын Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алган шартта, Республикалык бюджеттен кошумча 33 800,0 миң сом суроого аргасыз болоорун (дотация) күтүлгөндү жана мындан сырткары “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасынын материалдык-базаларын чыңдоо, аларды ирээтке келтирүүгө божомол боюнча 137,0 млн сом финансалык каражаттар талап кылынаары белгиленгендигин эске алуу менен, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджети көтөрө албастыгы аныкталгандыгы белгиленсин.
3. “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасын (ЖКХ) Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаровдун 10.08.2022-жылдагы чыгыш №18/35468 сандуу катын жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 24.08.2022-жылдагы чыгыш №01-15/2605 сандуу катында тиркелген тиркемеде “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалынын балансасында турган Казарман айылындагы көп кабаттуу коммуналдык турак-жай чарбасы боюнча райондук комиссиясынын экономикалык божомол анализи жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман жана Чет-Булак айылдарынын 25.08.2022-жылдагы №24, 25 элдик жыйындарынын протоколдорунун чечимдеринде бир добуштан каршы экендигин, ошондой эле “Нур-Жайык” кичи шаарчасынын тургундарынын кайрылууларына ылайык, “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасын (ЖКХ) Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу мүмкүн эмес экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаровдун 10.08.2022-жылдагы чыгыш №18/35468 сандуу катында көрсөтүлгөндөй “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалына караштуу коммуналдык турак-жай чарбасын жогорудагы 2-пунктту эске алуу менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдында жаңы турак-жай коммуналдык чарбасын тейлей турган мекеме ачуу, же болбосо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Тогуз-Торо районундагы “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасына өткөрүп, Республикалык бюджеттен каржылоо жагы сунушталсын.
5. “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” филиалынын балансасында турган Казарман айылындагы көп кабаттуу коммуналдык турак-жай чарбасы боюнча райондук комиссиясынын 23.08.2022-жылдын №2 - протоколундагы “Макмалалтын” филиалынын башкы экономисти А.А. Назаркуловдун чогулуштагы сүйлөгөн сөзү жана сунушу эске алынсын.
6. Бул токтом Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |