Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 48
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 23-августундагы № 01-7/928 сандуу чыгыш катын кароо (беренелерден жылдыруу)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылда ар кандай беренелерден үнөмдөлгөн акча каражаты - 611,5 миң сом болгондугу белгиленсин.
2. Башкаруу тармагынан 3111 имарат, башка курулмаларды куруу беренесинен Казарман айылынын Бектен көчөсүндөгү мини футбол аянтчасынын капиталдык оңдоп - түзөөдөн - 185,5 миң сом, Казарман, Чет-Булак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төгүүдө - 108,0 миң сом, Чет-Булак мини футбол аянтчасын куруудан - 266,0 миң сом, өздүк салымдан - 68,5 миң сом, бардык үнөмдөөдөн - 559,5 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй кылып; башкаруу тармагынын 3111 имарат, башка курулмаларды куруу беренесине, мүрзөнүн айланасын тосууга - 200,0 миң сом, Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратынын ички каалгаларын алмашууга - 75,0 миң сом, Казарман айылынын Тоголок Молдо көчөсүнө 4 даана эс алып отуруучу жай (беседка) курууга - 81,0 миң сом, 3112 машина жабдуулар беренесине Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу көчөлөрдөгү күйбөй бузулуп калган светодиодный светильниктерин алмаштырууга - 137,0 миң сом, 2222 чарбалык кеңсе товарларын алуу беренесине Кыргыз Республикасынын атрибуттарын (трибуна, желек) жаңылоого - 100,0 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо чыгым беренесине Каргалык айыл өкмөтүнүн ичин оңдоп- түзөөгө - 35,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Мектеп тармагынын чыгаша бөлүгүнө 2221 учурдагы оңдоо чыгым беренесинен А.Абдраимов атындагы орто мектебине - 188,4 миң сом акча каражаты 3111 беренесинин өздүк салымынан, 2222 чарбалык кеңсе товарларын алуу беренесинен - 153,1 миң сом акча каражаты 2221 учурдагы оңдоо чыгым беренесине жылдырылып берилсин.
4. Бала бакча тармагынан 3112 машина жабдуулар беренесинен “Келечек” балдар бакчасынан үнөмдөлгөн - 52,0 миң сом акча каражаты “Перизат” балдар бакчасынын имаратынын сыртын шыбактоого жылдырылып берилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинде маалымат борборун курууга каралган 15 млн сом акча каражаты жана 2021-жылдын калдык суммасынан каралган 4 361, 8 миң сом, бардыгы болуп -19361,8 миң сом акча каражаты Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркын реконструкциялоо курулушуна жылдырылып берилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |