Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 44
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-июлундагы № 01-22/726 сандуу чыгыш катын кароо (тротуар курууга)
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Б.Ороков атындагы көчөгө жалпы сметалык наркы 3 082376 (үч млн сексен эки миң үч жүз жетимиш алты) сомдук 620 метр тротуар куруу долбоору жана долбоордун 30 пайыздык 924712 (тогуз жүз жыйырма төрт миң жети жүз он эки) сомдук өздүк салымы сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |