Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 12
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 8-февралындагы № 01-7/95 чыгыш сандуу катында корсотулгон 1950-1960-жылдары борбордук парктагы осуусун жоготкон жана курулушка тоскоол болуп кыйылган бак-дарактарды сатуу учун тарифин кароо
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Ж.Кыдыров атындагы” атындагы парктагы 1950-1960-жылдары тигилген бак-дарактардын өсүүсүн жоготкондугуна жана курулушка тоскоол болгондугуна байланыштуу, 96,889 м3 өлчөмүндө айрым бир бөлүгү кыркылгандыгы белгиленсин.
2. Кыркылган бак-дарактардын арасында ясин, кара жыгач, терек жана алма бактары бар экендиги көрсөтүлсүн.
3. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Ж.Кыдыров атындагы” парктагы кыйылган бак-дарактарды отун жана материал катары сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика, коммуникация министрлигинин алдындагы Жалал-Абад областтык Бааларды жөнгө салуу (антимонополия) кызмат бөлүмүнүн макулдугу менен, жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы токой чарба кызматы тарабынан бекитилген прейскуранттын негизиндеги баага ылайык курулушка керектелүүчү материалдар 3843 сом (м3), отунга пайдалана турганы 2292 сом(м3) өлчөмүндөгү баада, ал эми ишке жарамдуу кара жыгачка (12,322 м3) болгон баа прейскуранттын негизинде 3843 сом (м3) өлчөмүндө сатуу жагы бекитилсин.
4. Жогорудагы курулушка керектүү материалдарды жана отунга пайдаланылуучу материалдарды сатуу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге тапшырылсын жана андан түшкөн каражатты өзүнүн счетуна төгүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов. |