Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депуттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (5 -шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 13-июлу № 3/1
Кеңеш айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Кеңеш айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Кеңеш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кеңеш айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы Мезгил үнү газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Ж.Кудайбердиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Д.Токторов |