Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 362
Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынан Кызыл-Токой айылын бөлүп алуу жөнүндө
Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын чегинде жайгашкан Кызыл-Токой айылы Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн обьектилерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутумунда (ААБОТ) Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын тутумунда жүргөндүктөн, Терек-Сай айыл аймагынын карамагына өткөрүп алуу зарылдыгы жана Кызыл-Токой айылынын чек арасын чийдирүү үчүн акча каражатын карап берүү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын чегинде жайгашкан Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыя айылынын карамагынан бөлүп алуу менен Терек-Сай айыл аймагынын карамагына өткөрүп алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
2.“Кыргызмамжер долбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясы менен Кызыл-Токой айылынын чек арасын чийдирүү, координаттары жана башка чиймелери менен түздүрүү үчүн 107 025 (бир жүз жети миң жыйырма беш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаевага жана КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |