Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 14-апрели № 16-1
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын Кыркол-Сай бөлүмүндөгү 0,5 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (транцформациялоо) жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 10-апрелиндеги №1346 сандуу өтүнүчүн канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу” (транцформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине негизденип
Токтом кылат:
1. Кеңеш айылынын Кыркол-Сай бөлүмүндөгү 0,5 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транцформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылыштты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |