Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 14-2
Айыл өкмөтүндөгү дене- тарбия жана спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дене- тарбия жана спорт тармагын мындан ары чындоону камсыз кылуу жана ар тараптан көмөк көрсөтүүнү жогорку денгеелде уюштурууну максатында
Токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дене –тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрайымы Ж. Кабылованын билдирүүсү депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштардын негизинде эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго дене – тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында дене-тарбия спорт маселелерине өзгөчө көңүл бөлүп, ар тараптан колдоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кенештин “Социалдык, маданий, спорт. миграция. туризм жана жаштар иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |