Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 14-3
“Төөлөс – Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат акы тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Төөлөс – Тазалык” муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чындоону камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 34- беренесинин 11-бөлүмүнө негизденип
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.“ Төөлөс – Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат акы алуу үчүн ар бир кожолуктан айына 50 сомдон төлөөгө макулдук берилсин.
2.“ Төөлөс – Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э. Мамытовго ишканасынын уставына ылайык иш алып барууну камсыз кылуу, айылдык кеңешке аткарылган иштер боюнча маалмат берүү жагы сунушталсын.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго ишкананын материалдык техникалык базасын чындоого жакындан көмөк көрсөтүү, алгачкы уюштуруу иштерине шарт түзүп берүүнү камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын къзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |