Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 14-9
Айыл өкмөтүнүн Меркит айылынын Авиз (Курташ ) бөлүмүндөгү 30,17 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер ” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6-мартындагы 01-34/113 сандуу өтүнүч катын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145 мыйзамынын 8-беренесине негизденип, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өнөр жай тармагыны өнүктүрүү, айыл аймагындагы тоо-кен байлыктарын туура пайдаланусун камсыздоо, айыл инфра түзүмүн жакшыртуу, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо максатында
Токтом кылат
1.Айыл өкмөтүнүн Меркит айылынын Авиз (Курташ) бөлүмүндөгү тъмънк\дъг\ жер аянтынын:
- № 55 контурундагы 1,63 га
- № 62 контурундагы 5,38 га
- № 64 контурундагы 9,04 га
- № 65 контурундагы 0,11 га
- № 66 контурундагы 0,10 га
- № 105 контурундагы 8,22 га
- № 108 контурундагы 5,60 га
Жалпы болуп 30,17 гектар жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” катерогиясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |