Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 14-10
Меркит айылнын Адыр бөлүмүндөгү 1(бир) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер ” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6- мартындагы 01-34/113 сандуу өтүнүч катын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы 15-июундагы “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндөгү №145 мыйзамынын 8-беренесине негизденип, айыл аймагындагы экологиялык коопсуздук талаптарын, айыл тазалыгын сактоонун, катуу таштанды калдыктарын чыгаруу тартибин уюштуру үчүн жер аянты менен камсыздоо максатында
Токтом кылат
1.Меркит айылынын Адыр бөлүмүндөгү 1(бир) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын къзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |