Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 14-11
Жаилма айылынын калкынын билим алуусуна шарт түзүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн мектеп курулуучу жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан ” “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 06.03.2023-жылдагы №01-34/43 сандуу өтүнүч катын канаттандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145 мыйзамынын 8-беренесине негизденип, Жайылма айылындагы калктын билим алуусуна шарт түзүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу максатында
Токтом кылат
1.Жаилма айылынын №898 контурундагы жайгашкан 1(бир) гектар суугат жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына” которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З. Жороев |