Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 60
Козучак айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезектүү №15 сессиясы
2022-жылдын 18-ноябрындагы Бердике баатыр айыл аймагында жайгашкан Козучак айылынын атын өзгөртүү боюнча өткөн жыйындын протоколун карап чыгып аткарууга алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Талас облусу, Талас району, Бердике баатыр айыл аймагындагы Козучак айылынын аты Жанкороз олуя атындагы айыл деп өзгөртүлсүн.
2. Керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчы Э.Т. Тажыкановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |