Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 344
Терек-Сай айыл аймагындагы кыз-келиндерди медайым курсуна окутуп жаткан мугалимдин жол акысын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай, Болуш, Ак-Терек, Кызыл-Токой айылдарындагы кыз-келиндерди алты айлык медайым курсуна окутуп жаткан мугалимдин жол акысын төлөп берүү жөнүндөгү медайым курсунда окуп жаткан кыз-келиндердин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек- Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы кыз-келиндерди алты айлык медайым курсуна окутуп жаткан мугалимдин жол акысына 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |