Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 345
Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш боюнча турнирге баруучу спортчуларга акча каражатынан карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган 15 (он беш) спортчуга Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш боюнча турнирге барып катышып келүүгө жол акысы, жатаканасы үчүн акча каражатынан демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндөгү тренер Ч.Жаркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек- Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш боюнча турнирге барып катышып келүүгө 15 (он беш) спортчуга жол акысы, жатаканасы үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |