Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 346
Менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышуучу окуучуларга демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жана Терек-Сай орто мектебинин окуучулары менталдык арифметика боюнча Өзбекстан Республикасында өтүүчү олимпиадага катышууга жолдомо алгандыгына байланыштуу барып катышып келүүгө демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндөгү окуучулардын ата-энелери: Т.Тойчиевдин, Б.Бердалиевдин, Э.Урустамованын , Ч.Чоюнованын, С. Жапарованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек- Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жана Терек-Сай орто мектебинин окуучулары менталдык арифметика боюнча Өзбекстан Республикасында өтүүчү олимпиадага катышып келүүсү үчүн 56 000 (элүү алты миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |