Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 347
Жайыттарды туура пайдалануу, айыл аймактагы жайыт кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин кызматкерлеринин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылдын ичинде аткарган иштери айтылган сын пикирлерди эске алуу менен “жакшы” деп табылсын.
Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 354 000 сомго бекитилсин жана анын ичинен жер салыгынын акчасы чыгарылгандан кийин сумманын 3/1 бөлүгү айыл аймактын счетуна которулуп берилсин.
Мал чарбачылыгы боюнча Терек-Сай ЖПБнин малдын шарттуу башына коюлган төлөм акылар төмөнкүдөй тарифте бекитилсин:
1.Терек-Сай айыл аймагынан чыгуучулар үчүн – кара мал, жылкы-65 (алтымыш беш) сом, Кой-эчки-13(он үч) сом.2.Чаткал жайытына баруучуларга- кара мал, жылкы-65 (алтымыш беш) сом, кой,эчки-6 (алты)сом 50(элүү) тыйын. 3.Башка райондордон жайкы жайытка чыгуучулар үчүн- кара мал, жылкы-150(бир жүз элүү) сом, музоо,кулун-75(жетимиш беш) сом, кой,эчки-50(элүү)сом, козу,улак-25(жыйырма беш)сом.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |