Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 348
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бизнес-Инкубатор” обьектисин кабыл алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бизнес-Инкубатордун” курулушунун бүткөндүгүнө байланыштуу обьектини кабыл алуу жана азыркы учурда курулуш материалдарынын баасы кескин көтөрүлүп кеткендигинен жаңы коэффициент менен отчет тапшыруу жөнүндөгү “Евростиль-Корпорейшн” ЖЧКнун жетекчиси Б.Чыналиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бизнес-Инкубатордун” курулушунун бүткөндүгүнө байланыштуу “Евростиль-Корпорейшн” ЖЧКнун кайрылуусунун негизинде обьектини өткөрүп алуу жагы Терек-Сай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2.Курулуш материалдарынын баалары кескин түрдө көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу 700 000 (жети жүз миң ) сом акча каражаты “ Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун 2023-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, курулуш жана агрардык маселелери боюнча, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |