Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 349
“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-ж. 31-январындагы ПЖ №17 “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө ” Жарлыгынын негизинде “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан мекеме-уюмдарга таркатылуучу көчөттөрдү сатып алуу боюнча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында мекеме-уюмдарга таркатылуучу көчөттөрдү сатып алуу үчүн 2 324 400 (эки миллион үч жүз жыйырма төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |