Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 350
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) курууга жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) куруу үчүн Аң-Сай участкасынан 3 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) куруу үчүн Аң-Сай участкасынан 3 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүү жана мамлекеттик акты күбөлүгүн алуу Терек-Сай айыл аймагына сунушталсын.
2.Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жай курууга тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |