Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясынын
2023-жылдын 24-марты № 351
Кызыл-Токой айылындагы ФАПтын үстүн жылуулоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ФАПтын үстүн жылуулоо жумуштарын жүргүзбөсө оруулуулар келген мезгилде кабинеттер суук болуп, ынгайсыздык жаралып жаткандыгын эске алуу менен, жылуулоо жумуштарын жүргүзүү үчүн ага керектүү жабдууларды алып берүү зарыл экендиги боюнча ФАПтын жетекчиси Г.Аширбекованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ФАПтын үстүн жылуулоо максатында ага керектүү жабдууларды алып берүү үчүн 211 600 (эки жүз он бир миң алты жүз) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |