Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 352
“Ай-Нуру” балдар бакчасына пайдаланууга керектүү жабдууларды алып берүү жөнүндө
“Ай-Нуру” балдар бакчасына пайдаланууга керектүү жабдууларды: чаң соргуч “Техномир, ашканага желдеткич (промышленная вытяжка с установкой) алып берүү жана орнотуу зарылдыгы жөнүндөгү мекеменин жетекчиси Ч.Аликееванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай-Нуру” балдар бакчасына керектүү жабдууларды: чаң соргуч “Техномир” 7 (жети )даана 11 000 (он бир миң) сомдон 77 000 (жетимиш жети миң) сом, ашканага желдеткич (промышленная вытяжка с установкой) алып берүү жана орнотуу үчүн 160 000 (бир жүз алтымыш миң ) сом, жалпы 237 000 (эки жүз отуз жети миң ) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |