Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 353
Бий ийриминдеги кыздарды Ош шаарындагы тарыхый музейге жана Өзгөн шаарындагы архитектуралык тарыхый комплекске алып барып келүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы орто мектебиндеги “Аруузат” бий тобунун 8 (сегиз) кызы беш жылдан бери маданий иш-чараларга активдүү катышып, мектептер арасындагы сынактарда жеңиштүү орундарды алып келишкен. Быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектепти аяктоо алдында тургандыктан, стимул катары Ош шаарындагы тарыхый музейге жана Өзгөн шаарындагы архитектуралык тарыхый комплекске алып барып келүү зарылдыгы жөнүндөгү Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн бий ийриминин мугалими К.Аликееванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги “Аруузат” бий тобунун 8 (сегиз ) бийчисин Ош шаарындагы тарыхый музейге жана Өзгөн шаарындагы архитектуралык тарыхый комплекске алып барып келүү үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |