Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 354
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды, каналдарды тазалоо, тосуу, сүрдүрүү, таш төктүрүү, суу жээктерин бекемдөө жумуштарын аткаруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды, каналдарды тазалоо, тосуу, сүрдүрүү, таш төктүрүү, суу жээктерин бекемдөө жана башка ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды, каналдарды тазалоо, тосуу, сүрдүрүү, таш төктүрүү, суу жээктерин бекемдөө жана башка ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |