Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 355
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган тургундарга Рамазан айына карата азык-түлүк таркатуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган тургундарга Рамазан айына карата азык-түлүк таркатуу үчүн акча каражатын “Эти Бакыр Терексай”ЖЧКнун 2023-жылга карата калаган социалдык пакетинин эсебинен чечип берүү жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган тургундарга Рамазан айына карата азык-түлүк таркатуу үчүн 3 818 200 (үч миллион сегиз жүз он сегиз миң эки жүз) сом акча каражаты “ Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун 2023-жылга каралган социалдык пакетинен эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |